Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 78
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Бакай – Ата участкасына Саудия Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулган 375 орундуу, №4 жалпы орто билим берүү мектебин ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 29-беренеинин 4-пункутунун 4-пунктчасына, 34-берененин 34-пунктунун 1;5 пунктчасына жана шаардык Кеңештин социалдык жана иновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун, шаар мэриясынын 2022-жылдын 11-октябрдагы №01-12/1924 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызы-Дөң АТОсунун Бакай-Ата участкасына Саудия Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулган 375 орундуу, №4 жалпы орто билим берүү мектеби ачылууга макулдук берилсин
2. №4 жалпы орто билим берүү мектебинин расмий ачылышын жүргүзүү жагы шаар мэриясына жана шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жана иновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага |
| А.Аширов |