Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2024-жылынын 27-марты №1-1
“Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деӊгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳгү» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеӊештердин иши жѳнүндѳ убактылуу жобону бекитүү тууралуу Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамынын негизинде, Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Стамалиевдин айылдык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүү жөнүндөгү жыйынтыгынын протоколун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, ачык добуш берүүгө катышкан 48 депутаттын арасынан 28 добуш алган талапкер Т.Хамракулов –Т.Балтагулов айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, ачык добуш берүүгө катышкан 48 депутаттын арасынан бир добуштан колдоого алынган талапкерлер А.Осмонов жана Н.Кудайкулова айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп шайланышсын.
3. Токтомду alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Т.Хамракулов. |