Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 18
Көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Кашка-Терек айылынын тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколунун негизинде Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Терек айылындагы жаңы конуштагы көчөгө Эл агартуунун отличниги, айылдын өнүгүүсүнө көп салым кошкон маркум Жоошбаев Кадырбектин ысымы ыйгарылсын.
2.Көчөнүн катар номерлерин даярдап, жасатып илүү жагы маркумдун бир туугандарына жана балдарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Калимбетов |