Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-майы № 2082-VII
"2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай баатыр - Каракол участогу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 13-мартындагы чыг. № 18-2168) "2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай баатыр - Каракол участогу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |