Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 19
Көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Карамарт айылынын тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколунун негизинде Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Карамарт айылындагы Акматова Кундуздун үйүнөн баштап Садыков Расулдун үйүнө чейинки көчөгө Эмгек ардагери, айылдын өнүгүүсүнө көп салым кошкон маркум Курбанбаев Шамшинин ысымы ыйгарылсын.
2.Көчөнүн катар номерлерин даярдап, жасатып илүү жагы маркумдун бир туугандарына жана балдарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Калимбетов |