Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясынын

 

2023-жылдын 27-сентябрындагы № 56

 

Айдаркен шаарынын мэри А.С.Мурзажановдун 2023-жылдын баштапкы алты ай ичинде аткарган иштеринин отчету жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Айдаркен шаарынын мэри А.С.Мурзажановдун 2023-жылдын баштапкы алты ай ичинде аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезектеги 26-сессиясынын протоколунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айдаркен шаардык мэриясынын 2023-жылдын баштапкы алты ай ичинде аткарылган иштери боюнча шаар мэри А.С.Мурзажановдун отчету «канааттандыраарлык» деп табылсын.

 

2. Айдаркен шаардык мэриясынын 2023-жылдын баштапкы алты ай ичинде жүргүзгѳн иштерин аткарууда айрым сунуштар шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

3. Токтомду аткаруу жагы шаар мэри А.С.Мурзажановго жүктѳлсүн.

 

4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.К.Кожомбердиев