Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз IIсессиясынын
2024-жылынын 29-марты №2/1
««Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин түзүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деӊгээлинде пилоттук режимде админстративдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеӊештердин иши жѳнүндѳ убактылуу жобону бекитүү тууралуу жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрция жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Там айыл аймагынын айыл өкмөтү жана Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүн бириктирүү жолу менен “Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
1.1 Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.
-Расмий тилде Учреждение «Айыл окмоту Т.Балтагуловского айылного аймака»
-1.2 Кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” М-и.
-Расмий тилде: У-е «Айыл окмоту Т.Балтагуловского айылного аймака».
2. «Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ак-Там айылы, Мусабаев кѳчѳсү №45- үй болуп аныкталсын.
3. «Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин убактылуу жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштѳѳдѳгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.
5. Токтомдо кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
6. Токтом жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
7. Аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага: | Т.Хамракулов. |
Т.Балтагулов айылдык кенешинин 2024-жылдын 29-мартындагы II сессиясынын № 2-токтомуна № 1тиркеме | |
|
|
«Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Айыл өкмөтүнүн ушушл Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана апйыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.
2. Айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3.Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.
-Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.
-Расмий тилде Учреждение «Айыл окмоту Т.Балтагуловского айылного аймака»
- Кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” М-и.
-Расмий тилде: У-е «Айыл окмоту Т.Балтагуловского айылного аймака».
- «Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ак-Там айылы, Мусабаев кѳчѳсү №45.
4. Айыл өкмөтү өз ишинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.Айыл өкмөтүнүн мүлк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
6. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
7.Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби,айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу,укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.
8.Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
9. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
10. Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча-тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
11.Документтер менен иштөөнү уюштуруу айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.
3. Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү
12. Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды(чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат.Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
14. Чыгарылган актылар өзгөртулүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
15. Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
4. Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
17. Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар(бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
18. Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
19. Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Хамракулов. |