Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 14-июну №5
Нарын шаардык «Жашылдандыруу» ишканасынын «Бактарды кыркуунун тартиби” Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
Төрага | А.Молдосалиев |
Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жашыл зоналарды коргоо жана бак дарактарды бутоого, кыркууга уруксаат берүүнүн жана кайра отургузуунун тартиби жөнүндө
Жобо
1.Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын негизинде иштелип чыккан.
1.2 Бул жобо Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги жашыл мейкиндиктерди коргоого жана (тал теректерди) кыркууга, көчүрүүгө уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары жободо) Нарын шаарынын аймагындагы жашыл зоналарды коргоонун негизги принциптерин аныктайт
2.Жашыл зоналарды коргоонун негизги принциптери
2.1 . Нарын шаарынын аймагында жайгашкан бардык жашыл зоналар, көчөттөр жайгашкан жер участоктору менчигинин түрүнө карабастан коргоого алынат.
2.2 Жарандар, юридикалык жактар жана кызмат адамдары жашыл зоналарды сактоого, жашыл зоналарды бузууга, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдетүү.
2.3 Жашыл зоналар жайгашкан жер участокторунун менчик ээлери, пайдалануучулары, алардын абалына көз салууга, жашыл зонанын канааттандырарлык абалын жана нормалдуу өнүгүшүн камсыз кылууга милдетүү.
2.4 Нарын шаарындагы жарандар, юридикалык жактар жана кызмат адамдары менчик ээлери (укук ээлери) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Жашыл аянттардын коопсуздугун камсыз кылууга;
2) Жашыл аянтчаларга, жолдорго жана жабдууларга квалификациялуу кам көрүүгө;
3) Жашыл аянттарда таштандыларды, курулуш материалдарын, буюмдарды, конструкцияларды таштоого жол бербөөгө;
4) Нарын шаарынын аймагындагы газондорду комплекстүү багууга, сугарууга, газондорду жана башка чөптүү өсүмдүктөрдү системалуу түрдө тегиздеп турууга;
2.5 Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги бакчаларда, сейил бактарда, скверлерде жана жалпы пайдалануудагы жашыл зоналарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Таштандыларды, кар жана муздарды, асфальт чиптерин, дренаждарды жана таштандыларды төгүүчү жайларды уюштурууга;
2) транспорт каражаттарын, курулуш жана жол техникасын өткөрүү жана жайгаштырууну жүзөгө ашырууга;
3) дарактарды, бадалдарды, алардын бутактарын сындырууга;
4) от жагууга;
5) автотранспорт каражаттарын оңдоого, жууга, автотранспорт каражаттары үчүн гараждарды жана башка баш калкалоочу жайларды орнотууга;
6) мал жаюуга;
7) дарактардан ширелерди,чайырларды алууга, оюктарды, жазууларды, таякчаларды, мамлекеттик номурларды, ар кандай белгилерди, зымдарды бактарга жана селкинчектерди, аркандарды илип коюу үчүн дарактарга илгичтерди жана мыктарды кагууга, маалымат алып жүрүүчүлөрдү бекитүүгө жана башка механикалык каражаттарды колдонууга тыюу салынат;
8) дарактардын жана бадалдардын тамырынан өсүмдүк топурагын, кумду бөлүп алууга;
9) жалбырактарды,чөптөрдү, бак-дарактардын бөлүктөрүн жана бадалдарды өрттөөгө;
2.6 Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги бак-дарактарды жана бадалдарды кыюунун, бутоонун которуунун тартиби
2.6 Токой фондусуна кирбеген , анын ичинде өсүүсү токтоп калган жана авариялык абалдагы бак-дарактарды жана бадалдарды тиешелүү уруксат кагаздары жок көчүрүүгө, бутоого, жана кыюуга жол берилбейт.
2.7 Бак-дарактарды жана бадалдарды кыркуу, бутоо, Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар жана Нарын шаарынын тургундары, жер участокторунун менчик ээлери ушул Жободо белгиленген тартипте берилген атайын уруксааттын негизинде гана жүргүзүлөт. (мындан ары жашыл аянтчаларды кыюуга уруксат) Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы, Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы, Нарын шаардык электр тармактар ишканасы, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан комиссия мүчөлөрүнүн макулдугу актынын негизинде берилет.
Куураган дарактар жана бадалдар май айынан баштап сентябрь айына чейин аныкталат эски куураган бактардан тышкары
2.8 Ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен бак-дарактарды жана бадалдарды кыркууга, бутоого башка аймакка которууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
-бекитилген долбоордук документтерге ылайык капиталдык курулуш обьекттерин, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын куруу, реконструкциялоо;
-инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын жана курулмаларын авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
-санитардык кыюуларды (анын ичинде авариялык бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу) жашыл зоналарды реконструкциялоону жана көрктөндүрүү обьекттерин (сейил бактарды, бульварларды, скверлерди, көчөлөрдү, короо аянттарын) капиталдык оңдоону калыбына келтирүү;
-инженердик коммуникацияларды капиталдык жана учурдагы оңдоону жүргүзүү;
-имараттарды, курулмаларды бузуу (демонтаждоо)
-мамлекеттик имараттарды куруу;
-инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
-бак-дарактардын көлөкөсүндө турган турак жана турак эмес жайларда жарыктын ченемдик режимин калыбына келтирүү;
-Нарын шаарынын көрктөндүрүү талабына жооп бербесе;
-жашыл көчөттөр реконструкцияланса.
2.9 Жалбырактуу бак-дарактарды санитардык кыюуга (анын ичинде өсүүсү токтогон дарактарды) кыркуу уруксааты дарактарды патологиялык жактан изилденгенден кийин берилет. Текшерүү вегетация мезгили май айынан сентябрга чейин жүргүзүлөт. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, электр чубалгыларына жана башка инфраструктуралык обьекттерге түздөн-түз зыян келтирүү коркунучу болгон учурда кыюу зарылдыгы жүргүзүлөт
3.1 Бак-дарактарды кыюу боюнча иштерди жүргүзүү укугуна уруксат алуу үчүн арыз ээси кыркылчу бак-дарактардын санын жана аталышын, алардын абалын, түп диаметрин, конкреттүү дарегин жана негизин көрсөтүү менен Нарын шаардык мэриясына арыз менен кайрылат. Кыркуунун себептери так жазылат ошондой эле алардын дареги жана байланыш телефону белгиленет.
3.2 Жашыл аянттарды кыюуга уруксат алуу үчүн кайрылган учурда арызга төмөнкү документтер тиркелет.
1) арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
2) арыз ээсинин өкүлүнүн укуктарын (ыйгарым укуктарын) күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (эгерде арыз ээсинин өкүлү тарабынан берилсе)
3) дендроплан
4) долбоордук документтердин көчүрмөлөрү
5) курулуштун проектиси, мамлекеттик экспертизадан өткөн документтери
3.3 Авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн жашыл аянттарды кыюуга уруксат алуу үчүн кайрылган учурда төмөнкү документтер берилет:
1) авария жөнүндө нөөмөт диспетчердик кызматка телефонограмма;
2)жашыл аянтчалардын жайгашкан жерлерин көрсөтүү менен иш участогунун схемасы
3.4 Арыз ээси документтерин тапшыргандан кийин Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен дайындалган кыркууга сунушталган жашыл аянтчалары бар участокко комиссиялык изилдөө жүргүзүлөт, ал эми кыркылчу бак дарактардын жана бадалдардын номерлерин, белгилерин “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы алдын ала белгилейт. (кыюуга арналган дарактар жана бадалдар кызыл боек менен белгиленет, трансплантация үчүн сары, консервация үчүн ак)
Курулуш чарбалык жана башка иш-чараларды уюштуруу боюнча долбоорго чейинки жана долбоордук документтер жашыл аянтчалардын абалы жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматты камтышы керек, ал эми долбоорлоо документтери ошондой эле долбоорлонуп жаткан обьектинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине толук баа берүүнү камтууга тийиш.
1) Шаардын өтүүчү жолдоруна, аянттарына, короолоруна, тротуарларына ж.б.у.с асфальттоодо дарактын айланасында диаметри 2м ден кем эмес бош жерлерди калтыруу, андан кийин темир-бетондук торду же сөңгөгүнүн айланасында топурактын кысылуусуна жол бербөөчү башка жабууну орнотуу;
2) кабелдерди, канализациялык түтүктөрдү жана башка курулуштарды төшөөдө магистралдык калыңдыгы 15см ге чейинки бак-дарактан 2м ден кем эмес аралыкта, 15смден ашык калыңдыкта 3мден кем эмес траншеяларды казууга; бадалдардан өтө скелет бутактарынын түбүнө чейинки аралыкты эсепке алуу менен 1,5 м кем эмес;
3) жолдорду, тротуарларды, троллейбус линияларын жана башка курулмаларды реконструкциялоодо жана курууда учурдагы плантациялардын зонасында аларды түшүрүүдө же көтөрүүдө вертикалдык белгилердин 5смден ашык өзгөрүшүнө жол бербөөгө, тамыр системасын кайра толтуруу же таасири сөзсүз болгон учурларда, долбоорлордо жана смета дарактардын өсүү нормалдуу шарттарды сактоо;
3.5 Төмөнкү учурларда компенсация төлөмү алынбайт:
1) Санитардык кыюуларды жүргүзүү (анын ичинде оорулуу, авариялык дарактарды жана бадалдарды, жашыл аянтчаларды кыюу)
2) санитардык нормаларды жана эрежелерди жана башка ченемдик талаптарды бузуу менен тигилген бак-дарактардын көлөкөсүндө турган турак жана турак эмес жайларда жарыктын ченемдик режимин калыбына келтирүү;
3) аварияларды жоюу жана инженердик коммуникациялардын корголуучу зоналарын күтүүнү камсыз кылуу;
4) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна же алардын мүлкүнө түздөн-түз коркунуч туудурган учурда жашыл аянтчаларды кыюу токтоосуз түрдө жүргүзүлөт. Кыюу фактысы аткарылган иштердин актысы менен күбөлөндүрүлөт ага комиссия мүчөлөрү жана өзгөчө кырдаалды же өзгөчө кырдаалдарды жоюуну жүзөгө ашыруучу уюмдун өкүлү кол коет. Акт иш башталгандан тартып 48 сааттын ичинде чыгарылат. Бул учурларда кыркуу үчүн компенсация алынбайт.
3.6Төмөнкүлөр мыйзамсыз деп таанылат:
1) Уруксаатсыз дарактарды жана бадалдарды кыюуга, бутоого, көчүрүүгө (кайра отургузууга) мөөнөтү өтүп кеткен уруксат документтери боюнча, уруксатта көрсөтүлгөн аймактан башка аймакта кыркуу иштери жүргүзүлүп жатса.
2) өрт коюнун же отко этиятсыздык менен мамиле кылуунун натыйжасында бак-дарактарды жана бадалдарды жок кылуу же бузуу;
3) долбоордук иш кагаздарында кыйуу, бутоо жана которуу каралбаса
Жобого ылайык бак дарактарды кыркуу тартиби, жашыл көчөттөрдү отургузуу, которуу жана аны көзөмөлдөө, жаңы отургузулган көчөттөрдүн ичинен куурап өспөй калган жаш көчөттөрдүн наркын төлөө, же ордуна отургузуу, кызмат көрсөтүүнүн тарифи, белги басуу, таксациондук негиздери, диаметри, көлөмү, түрү, кооптуу абалдагы, ооруган, декоративдүү түрүн жоготкон Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде өскөн жалпы жашыл өсүмдүктөр “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына милдетендирилет.
Мекеме ишкана жана жеке адамдардан түшкөн арыздардын негизинде кыркылган, буталган, которулган бак-дарактар өз каражатынын эсебинен “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына төлөнөт.
Жаңы курулушка жана реконструкцияга Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы көзөмөл жүргүзөт
Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бак-дарактар кыркылган учурда адамдардын коопсуздугун көзөмөлдөйт
Жооптуу катчы А.Жапаралиева