АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясынын
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 59
КРнын Салык кодексинин 388-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 404-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык Айдаркен шаарынын аймагында зоналык коэффициентин Кз жана КРнын Салыктык эмес кирешелер жѳнүндѳ кодексинин 24-бѳлүмүнѳ ылайык таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымын бекитип берүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Надырбековдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Салык кодексинин 388-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 404-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык Айдаркен шаарынын аймагында зоналык коэффициенти Кз жеке жана юридикалык жактарга 1,2 ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. КРнын Салыктык эмес кирешелер жѳнүндѳ кодексинин 24-бѳлүмүнѳ ылайык таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымы юридикалык жактар үчүн 100 (жүз) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3. Жеке жактар толугу менен таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымынан бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык мэрияга жүктѳлсүн.
5. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага |
| А.К.Кожомбердиев |