Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын
2024-жылынын 02-апрели №3/1
«Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 2-апрель отурумунун корутундусун карап чыгып талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.(тиркемеси тиркелет).
2. Т.Балтагулов айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жаматтардын ички жашоо тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.
3. Токтом alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Т.Хамракулов. |