Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-майы № 2093-VII
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Талиева, М.А. Маматалиев, Ш. Мажитова, А. Исатбек кызы, Э.Ж. Сурабалдиева, Д.Э. Толонов, К.Л. Ханджеза, Н.А. Ражабалиев, С.А. Айжигитов, Э.Т. Токтошев, Г.С. Молдобекова, Н.А. Нарматова, В.К. Раимбачаева, А.А. Айдарова, Н.Я. Алимжанова, Д.А. Ашимова, А.Т. Маткеримов, Э.Р. Сатыбалдиев, А.К. Мадумаров, Г.А. Кожокулова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |