Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-сентябры № 21/28-VIII
Туз айыл аймагында жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында ,Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгына жана биринчи элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022- жылдын 9- сентябрындагы “ Биринчи элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдат аткаруучу аракеттердин» нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Туз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Туз айыл аймагынынын жергиликтүү Курултайы 2022- жылдын 5 -ноябрына саат 10- 00 до чакырылсын
2.Туз айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 40 делегаттан турары белгиленсин
3. Жергиликтүү жааматтар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15- октябрдан 20 октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1) тиркеме жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин
4.Туз айыл аймагында жергиликтуу Курултайдын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын өзүм көзөмөлдөйм .
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
Салтыкеев.Б.К |