Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 30
Кара-Булак айлындагы ашууга ат коюу жөнүндө
Кара-Булак айылынын тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколунун негизинде Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айылына чыгуучу унаа жолунун ашуусуна Эмгек ардагери, айылдын өнүгүүсүнө көп салым кошкон маркум Алымкулов Абасбектин ысымы ыйгарылсын.
2.Жолдорду тазалап кароожагы маркумдун бир туугандарына жана балдарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Калимбетов |