Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги №1 сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 31
Кыз-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу алыскы жана жакынкы жайыт жер аянтынын мамлекеттик жер күбөлүк акт жок болгондугуна байланыштуу, мамлекеттик жер күбөлүк акт алуу жөнүндө
Кыз-Көл айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-январь күнү кезектеги № 1- сессиясынын №1токтому менен : Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кыз-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесине байланыштуу 12245га алыскы жана жакынкы пайдалануучу жайыт жер аянтынын мамлекеттик жерге күбөлөндүрүүчү акт жок болгондугуна байланыштуу, мамлекеттик жерге күбөлөндүрүүчү акт алуу үчүн Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутатарынын сунушу менен талкуулап. Кыз-Көл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кыз-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесине байланыштуу 12245 га алыскы жана жакынкы пайдалануучу жайыт жер аянтынын мамлекеттик жерге күбөлөндүрүүчү акт жок болгондугуна байланыштуу, мамлекеттик жерге күбөлөндүрүүчү акт алуу үчүн жайыт комитетинин эсебинен төлөп берүү жагы каралсын.
2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштууКыз-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесине байланыштуу 12245 га алыскы жана жакынкы пайдалануу жайыт жер аянтынын мамлекеттик жерге күбөлөндүрүүчү акт жок болгондугуна байланыштуу, мамлекеттик акт алуу үчүн жайыт комитетинин эсебинен төлөп берүү жагы жайыт комитетинин эсепчиси: М.Супатаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж. Калымбетов |