КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-июну № 318-т
"Логистикалык комплекс" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "ЛогоПарк" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында "Логистикалык комплекс" объектин куруу боюнча инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору (мындан ары - Инвестициялык макулдашуу) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты инвестициялык долбоорго ылайык Инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу үчүн Чүй облусунун аймагындагы жер участогуна байланышкан бардык маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, шаар куруу документтерин иштеп чыгууга, бекитүүгө жана Инвестициялык макулдашуунун 5.3.1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууга, ошондой эле жер участогун убактылуу пайдалануу укугун каттоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жер участокторуна укукту күбөлөндүрүүчү тиешелүү документтерди берүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |