Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 284
Административдик имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик менчикте турган учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерин багыты боюнча натыйжалуу пайдалануу, балдардын мектепке чейинки билим алууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаары, Чыгыш-5 кичи району, 18/1 дареги боюнча жайгашкан, аянты 1,14 га, идентификациялык коду: 1-03-08-0043-0512, тиешелүү жер участогу менен мамлекеттик менчикте турган административдик имаратты (мындан ары - объект) мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте акысыз өткөрүп берсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объект мектепке чейинки билим берүү мекемесин реконструкциялоо жана уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилет деп белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча талаптагыдай чараларды көрүү жана аны максаттуу багыты боюнча так пайдалануу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 42 (3595) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |