Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-июлу № 17/28-VI
А.Айталиев атындагы жалпы орто билим берүү мекемесинин имаратын капиталдык оңдоп түзөө долбооруна Чүй облустук өнүктүрүү фондуна арыз берүү жөнүндө
Туз айыл аймагынын социалдык-экономикасынын өнүктүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу, эмгек жамаатына жагымдуу шарттарды түзүү, окуу жайынын эстетикалык көрүнүшүн оңдоо жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Туз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шакуловдун “А.Айталиев атындагы орто жалпы билим берүү мекемесинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөгө Чүй облустук өнүктүрүү фондуна долбоору жөнүндө угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Айталиев атындагы орто жалпы билим берүү мекемесинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөгө Чүй облустук өнүктүрүү фондуна долбоордук арызы колдоого алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
Салтыкеев.Б.К |