КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезексиз XXVIII сессиясы
2024-жылдын 16-февралы № 28-11
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 30.01.2024-жылдагы кезектеги XXVII сессиясы № 27-18 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 30.01.2024-жылдагы кезектеги XXVII сессиясынын № 27-18 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндөгү” маселени карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 30.01.2024-жылдагы кезектеги XXVII сессиясынын № 27-18 сандуу токтомунун 1-пункутундагы:
1. Жаңы-Турмуш айылындагы Б.Осмонов кичи көчөсүндөгү 170,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын. – деген текстке: “алынып, намазкана үчүн берилсин”– деген толуктоо киргилилип, төмөнкүдөй болуп окулсун:
1. Жаңы-Турмуш айылындагы Б.Осмонов кичи көчөсүндөгү 170,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, намазкана үчүн берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д.Рахманова |