Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 268
Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 7-июлундагы № 01-17/2250 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 27-июнундагы № 245 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 404,5 га, анын ичинен: № 498 (2,75 га), № 499 (6,62 га), № 500 (21,03 га), № 501 (6,40 га), № 502 (1 га), № 503 (3 га), № 504 (44,40 га), № 505 (5,67 га), № 506 (6,22 га), № 507 (5, 21 га), № 508 (20,22 га), № 509 (20 га), № 510 (5,93 га), № 511 (11,17 га), № 512 (9,10 га), № 513 (3,96 га), № 514 (13,89 га), № 517 (1,27 га), № 518 (3,90 га), № 519 (6,20 га), № 553 (24,50 га), № 754 (58,31 га), № 756 (9 га), № 757 (10,03 га), № 758 (9,10 га), № 759 (1 га), № 767 (1,08 га), № 765 (12,66 га), № 768 (6,2 га), № 748 (0,53 га), № 769 (8,46 га), № 760 (4,77 га), № 761 (3,27 га), № 762 (9,82 га), № 772 (31,72 га), № 776 (1 га), № 775 (1,14 га), № 771 (4,3 га), № 773 (1,53 га), № 770 (2,83 га), № 784 (0,64 га), № 785 (4,5 га), № 779 (0,17 га) контурларындагы жерлер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерлерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү жана курулуш ченемдерин жана эрежелерин бекем сактоону;
4) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү жамааттын жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 404,5 га жердин ордуна аянты 415,9 га болгон жерди өздөштүрүүнү;
6) бекитилген долбоорго ылайык Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагында жайгашкан "Кой-Таш" жана "Теңдик" тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын коргоо зоналарын күтүү жана пайдалануу режимин жана эрежелерин сактоону;
7) тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагына маалыматтык жана коргоо такталарын/белгилерин орнотууну;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда алардын менчик ээлерине, жерди пайдалануучуларга карата жер участокторун баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |