Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-июну № 14/28-VI
“Туз-Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жана ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жашоочулар үчүн катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызматтар, жүктөгүч жана экскаватор кызматтары үчүн
тарифин бекитүү жөнүндө
“Туз-Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жана ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жашоочулар үчүн катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызматтар, жүктөгүч жана экскаватор кызматтары үчүн тарифин бекитүү жөнүндө “Туз-Тазалык” ишканасынын мүдүрү Ч.Батырбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыдоо жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, жүктөгүчтүн жана экскаватордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи№1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
Салтыкеев.Б.К |