Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 271
Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн иштеп жаткан объекттерин натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте мамлекеттик менчикте турган, Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 263 дарегинде жайгашкан, аянты 1,3153 га тийиштүү жер участогу бар, идентификациялык коддору: 1-03-04-0028-0291; 1-03-04-0028-0333 Чыгыш автобекетинин административдик имаратын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- жогоруда аталган объектти мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- көрсөтүлгөн объектти андан ары күтүү жана тейлөө жүргүзүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |