Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 36
Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
2021-жылдын 27-январындагы кезектеги биринчи сессиясында Жаңы- Арык айылынын тургуну Амираев Төлөнгө Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Арык айылынын тургуну Амираев Төлөн коомдук иштерге активдүү катышып жана айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын кире беришине өз каражаты менен арка куруп, Кыз-Көл айыл өкмөтүнө кошкон зор салымы үчүн Сузак районунун “Ардактуу Атуул” наамына сунушталсын
2.Ардактуу атуул берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
3.Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Калимбетовго милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Калимбетов |