Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 37
2020-жылдын 12-мартындагы №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«CASA - 1000" жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгаларынын мамыларын куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы №105 токтомун, Кыргыз Республикасынын 2013—жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Кыз-Көл айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Датка-Сугд” 500кВ жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын орнотуу үчүн, мамлекеттик фонду эсебиндеги жерлеринин, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн №137 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 0,0324 га кайраакы айдоо жерлерди айыл чарба багытындагы жерлер “категориясынан” өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана жана башка багыттагы жерлеркатегориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Калимбетов |