Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXVII отуруму

 

2024– жылдын 15-январы № 166

 

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-айында аткарган иштери (отчёту) жөнүндө

  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-айында аткарылган иштери жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Р. Талантбек уулунун маалыматын угуп берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесинин 4-пунктуна жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XXVII отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын 2023-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджетин аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

2.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин киреше бөлүгу толтурууга жана кошумча киреше булактарын табууга айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Арапов