Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын

кезектеги XXVII отуруму

 

2024– жылдын 15-январы № 171

 

Кызыл-октябрь айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары жөнүндө

  Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдарынын негизинде карап талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XXVII отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.

2.Токтомду Мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Арапов