Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-майы № 284-т
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 3-беренесинин экинчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо фактыларынын алдын алуу, бөгөт коюу, жерлердин пайдаланылышын жана корголушун контролдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана кынтыксыз аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир айдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турсун;
3) бул тескемеден келип чыгуучу иш-чаралар министрликтердин, ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо фактыларынын алдын алуу, бөгөт коюу, жерлердин пайдаланылышын жана корголушун контролдоо боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөттөрү | Жоопту аткаруучулар |
1 | Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү фактыларынын алдын алуу | 1.1. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2024-жыл | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, Жер агенттиги, Мамкурулуш, ӨКМ |
1.2. Жарандар арасында жерлерди өз билемдик менен басып алууга, өзүм билемдик менен ээлеп алууга, кеңейтүүгө, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүүгө, бөлүнгөн жер участокторунда (анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерде) өзүм билемдик менен курууга жол бербөө жөнүндө, мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, тартип, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2024-2025-жылдар | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, Жер агенттиги, Мамкурулуш, ӨКМ | ||
1.3. Шаар куруу документтерине ылайык шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер пайдалануунун чек араларын тактоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү | 2024-2025-жылдар | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, Жер агенттиги, Мамкурулуш, ӨКМ | ||
1.4. Жер-кадастр документтерине ылайык жерлердин түрлөрү, жерлердин категориялары боюнча жер пайдалануунун чек араларын тактоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, Жер агенттиги, Мамкурулуш, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
2 | Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жер участогунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү, берилген жер участокторунда объекттерди өзүм билемдик менен куруу фактыларын аныктоо | 2.1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ушул Иш-чаралар планы боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго өзүм билемдик менен курулган курулуштарды изилдөөдө, кыймылсыз мүлктү техникалык паспорттоштурууда жана жер участокторуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүүдө аныкталган жерди пайдалануунун чек араларын өзүм билемдик менен кеңейтүү, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү фактылары тууралуу маалыматтарды берүү | 2024-2025-жылдар | Жер агенттиги |
2.2. Ушул Иш-чаралар планынын иш-чараларын өткөрүү үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго архитектура жана курулуш органдары тарабынан шаар куруу документтерин берүү | 2024-2025-жылдар | Мамкурулуш | ||
2.3. Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү, берилген жер участокторунда объекттерди өзүм билемдик менен куруу фактыларын аныктоо | 2024-2025-жылдар | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
3 | Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жер участогунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү, берилген жер участокторунда объекттерди өзүм билемдик менен куруу фактыларына бөгөт коюу | 3.1. Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу, өзүм билемдик менен кеңейтүү, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын өзгөртүү, мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган, берилген жер участокторунда өзүм билемдик менен куруу фактыларын оперативдүү кароо жана мындай укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык иштерди күчөтүү | 2024-2025-жылдар | ИИМ, Жерсуукөзөмөл |
3.2. Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү фактылары боюнча толук чараларды керүү, жер участокторун баштапкы абалына келтирүү менен сотко чейинки чараларды көрүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
3.3. Укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди сот органдарына өткөрүп берүү менен жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү фактылары боюнча толук чараларды көрүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨЬСМ, ЖРЭТКМ | ||
3.4. Коомдук укуктук тартипти камсыз кылуу жана жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо жана укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча толук чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
4 | Жерлердин максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоо | Жер ресурстарынын пайдаланылышына жана корголушуна мониторинг жүргүзүү | Туруктуу негизде | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ӨКМ, ЖРЭТКМ |
Кыскартуулардын тизмеси
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
Жерсуукөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-майы № 284-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 704-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 3-беренесинин экинчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо фактыларынын алдын алуу, бөгөт коюу, жерлердин пайдаланылышын жана корголушун контролдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана кынтыксыз аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир айдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турсун;
3) бул тескемеден келип чыгуучу иш-чаралар министрликтердин, ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 704-т тескемесинин редакциясына ылайык)
21. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 704-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо фактыларынын алдын алуу, бөгөт коюу, жерлердин пайдаланылышын жана корголушун контролдоо боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 704-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөттөрү | Жоопту аткаруучулар |
1 | Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү фактыларынын алдын алуу | 1.1. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2024-жыл | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, Жер агенттиги, Курулуш министрлиги, ӨКМ |
1.2. Жарандар арасында жерлерди өз билемдик менен басып алууга, өзүм билемдик менен ээлеп алууга, кеңейтүүгө, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүүгө, бөлүнгөн жер участокторунда (анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерде) өзүм билемдик менен курууга жол бербөө жөнүндө, мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, тартип, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2024-2027-жылдар | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, Жер агенттиги, Курулуш министрлиги, ӨКМ | ||
1.3. Шаар куруу документтерине ылайык шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер пайдалануунун чек араларын тактоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү | 2024-2027-жылдар | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, Жер агенттиги, Курулуш министрлиги, ӨКМ | ||
1.4. Жер-кадастр документтерине ылайык жерлердин түрлөрү, жерлердин категориялары боюнча жер пайдалануунун чек араларын тактоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү | 2024-2027-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, Жер агенттиги, Курулуш министрлиги, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
2 | Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жер участогунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү, берилген жер участокторунда объекттерди өзүм билемдик менен куруу фактыларын аныктоо | 2.1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ушул Иш-чаралар планы боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго өзүм билемдик менен курулган курулуштарды изилдөөдө, кыймылсыз мүлктү техникалык паспорттоштурууда жана жер участокторуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүүдө аныкталган жерди пайдалануунун чек араларын өзүм билемдик менен кеңейтүү, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү фактылары тууралуу маалыматтарды берүү | 2024-2027-жылдар | Жер агенттиги |
2.2. Ушул Иш-чаралар планынын иш-чараларын өткөрүү үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго архитектура жана курулуш органдары тарабынан шаар куруу документтерин берүү | 2024-2027-жылдар | Курулуш министрлиги | ||
2.3. Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү, берилген жер участокторунда объекттерди өзүм билемдик менен куруу фактыларын аныктоо | 2024-2027-жылдар | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
3 | Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жер участогунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү, берилген жер участокторунда объекттерди өзүм билемдик менен куруу фактыларына бөгөт коюу | 3.1. Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу, өзүм билемдик менен кеңейтүү, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын өзгөртүү, мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган, берилген жер участокторунда өзүм билемдик менен куруу фактыларын оперативдүү кароо жана мындай укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык иштерди күчөтүү | 2024-2027-жылдар | ИИМ, Жерсуукөзөмөл |
3.2. Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү фактылары боюнча толук чараларды керүү, жер участокторун баштапкы абалына келтирүү менен сотко чейинки чараларды көрүү | 2024-2027-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
3.3. Укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди сот органдарына өткөрүп берүү менен жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жер участокторунун максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүү фактылары боюнча толук чараларды көрүү | 2024-2027-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨЬСМ, ЖРЭТКМ | ||
3.4. Коомдук укуктук тартипти камсыз кылуу жана жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо жана укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча толук чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтүү | 2024-2027-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ИИМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
4 | Жерлердин максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоо | Жер ресурстарынын пайдаланылышына жана корголушуна мониторинг жүргүзүү | Туруктуу негизде | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жерсуукөзөмөл, ӨКМ, ЖРЭТКМ |
Кыскартуулардын тизмеси
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
Курулуш министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |