Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 307
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү, кыргыз автоташуучуларга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту жана контролду камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибинде:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кыргыз ташуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырган алмашуу квотасы бар чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар, алар алынгандан кийин, чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы керектөөнүн жыйынды маалыматтарына ылайык кыргыз ташуучулардын арасында бөлүштүрүлүп берилүүгө тийиш.
Кыргыз ташуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды бөлүштүрүүнүн шарттары жана түрлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
- эл аралык автомобилдик ташуулар чөйрөсүндө иш тажрыйбасы (иш стажы);
- жеке автотранспорт каражаттарынын болушу;
- тартылган автотранспорт каражаттарынын болушу;
- отчеттук жылдын алдында өткөн жылы колдонулган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын саны.";
- 14-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ташуучулар тарабынан календардык мезгил ичинде жаңы сатып алынган автотранспорт каражаттары үчүн.";
- 15, 16-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кыргыз ташуучуларына ыйгарым укуктуу орган тарабынан алардан арыздар келип түшкөнүнө жараша берилет.
16. Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар ушул кыргыз жүк ташуучуга таандык автотранспорт каражатына пайдаланылат.
Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Жыл ичинде алынган уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга кайталап өткөрүп берүүдө ыйгарым укуктуу орган бул юридикалык жана жеке жактарга уруксат бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү өткөрүп берүү фактысы аныкталган учурдан тартып он эки айлык мөөнөткө токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Бир эле мамлекеттин бир эле транспорттук каражатынын түрүнө бир эле түрдөгү чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат төмөнкүлөр үчүн кайталап берилет:
- жүк ташуу үчүн - ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк уруксаттын бланкы колдонулгандан жана аны пайдалануу жөнүндө отчет берилгенден кийин;
- жүргүнчүлөрдү жана багажды эл аралык ташуу үчүн - чет өлкөлүк уруксат алынган жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу боюнча иш-аракеттердин толук көлөмү аткарылгандан кийин.
Арыз ээлери кайрылганда жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды эл аралык ташууга бир рейс жасоо үчүн бир эле автотранспорт каражатына 2 (эки) окшош чет өлкөлүк уруксат талап кылынганда, чет мамлекеттердин аймактары транзит катары пайдаланылганда, 2 (эки) окшош чет өлкөлүк уруксат бланкы берилет. Бул автотранспорт каражатына окшош кайталанма чет өлкөлүк уруксаттар ташуучу алынган чет өлкөлүк уруксаттардын бланктарын колдонгондон жана аларды колдонгондугу жөнүндө отчет тапшыргандан кийин берилет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар колдонулган же колдонулбаган учурда кыргыз ташуучу бул уруксатты ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктары берилген күндөн тартып төрт айдын ичинде берилген жери боюнча ыйгарым укуктуу органга кайтарып берүүгө милдеттүү, мында маалымат системасында уруксаттын статусуна тийиштүү өзгөртүү жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктары берилген күндөн тартып беш ай өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуларга пайдаланылган же пайдаланылбаган уруксат бланкын кайтарып берүү жөнүндө эскертүү жөнөтөт.
Пайдаланылган же пайдаланылбаган бланктар жөнүндө отчет чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланкы берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө берилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонот жана бул ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү токтотуп турат.
Ташуучу пайдаланылган же пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды кайтарып берүү жөнүндө талапты жойгондо ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүнү кайра баштайт.";
- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Маалыматтык система тарабынан бөлүштүрүлгөн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарынын саны кварталдарга бөлүштүрүү менен ташуучуга бекитилип берилет жана алар ташуучунун жеке кабинетинде сакталат.
Ташуучу кварталдарга бөлүштүрүүнүн эсебинен өзүнүн жеке кабинетинде сакталган уруксат бланктарын алууга арыз бере алат. Ташуучу квартал ичинде ташуучунун жеке кабинетинде сакталган бланктарды албаса, алар маалыматтык система тарабынан алынат жана башка ташуучуларга алардын арызы боюнча берилет.";
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Уруксат бланктарын бөлүштүрүү автоматтык режимде төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
Rni = Zni * Knui * Knwei * Kntioi * (Q - 5%) / Σmi=1 = (Zmi * Kmui * Kmwei * Kmtioi),
n - жылдык өтүнмө берген кыргыз ташуучу;
m- өтүнмө берген ташуучулардын жалпы саны;
Ri- i-ташуучуга бөлүштүрүлүп берилген уруксаттардын саны;
Zi - i-ташуучунун жылдык өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн уруксаттардын саны;
Kui - i-ташуучунун өткөн жылдагы уруксат бланктарын колдонуу коэффициенти, өткөн отчеттук жылда толук көлөмдө (100%) пайдаланганда Kui, = 1, толук эмес көлөмдө пайдаланганда Kui тиешелүү позицияларга төмөндөйт;
Kwei - i-ташуучунун эл аралык жүк ташуудагы иш стажынын коэффициенти, 3-жылга чейин - Kwei = 0,1; 3-5 жыл - Kwei = 0,6; 6-8 жыл - Kwei = 0,9; 9 жыл жана андан жогору - Kwei =1,5;
Ktioi - лицензиясы бар i-ташуучунун жеке жана тартылган автотранспорт каражаттарынын болушунун коэффициенти (жеке автотранспорт каражатына 1 балл, ал эми тартылган автотранспорт каражатына 0,1 балл берилет). Автотранспорт каражаттарына ыйгарылган баллдар суммаланат. Эң көп балл топтогон жүк ташуучуга Ktioi=1 коэффициенти ыйгарылат. Калган автоташуучулар үчүн коэффициент (Ktioi) автотранспорт каражаттарына ыйгарылган баллдардын эң жогорку балл менен автоташуучунун баллдарына карата катышына барабар;
Q - суралган багыт боюнча чет мамлекеттен алынган уруксаттардын саны;
5% - резерв;
Σmi=1 - коэффициенттерди эске алуу менен бардык ташуучулар сураган уруксаттардын суммасы.
Ташуучу отчеттук жылдын ичинде алынган 10дон ашык бланкты пайдаланбаса, анда Kui = 0,5.";
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Өтүүгө уруксат алуу үчүн кайрылууда арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сейрек ташууда:
- ушул Тартипке 2-тиркемеге ылайык форма боюнча жазылган арыз-милдеттенме. Арыз-милдетгенмеде милдеттүү түрдө автотранспорт каражатынын каттоо номери, бланктын номери жана лицензиянын жарактуулук мөөнөтү, ошондой эле лицензиялардын электрондук реестринде лицензиянын бар экендигин жана анын укуктук статусун ырастоо үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) көрсөтүлөт.
- кагаз же электрондук формада уруксаттын наркы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, ал уруксат берүү жөнүндө ырастоодон кийин кабыл алынат";
- 32-пунктта "3" деген цифра "4" деген цифрага алмаштырылсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Кыргыз, чет өлкөлүк жана көп тараптуу өтүүгө уруксаттардын реквизиттери мамлекеттик, расмий же чет тилдерде таризделет.
Чет өлкөлүк ташуучулардын кыргыз уруксат бланктарын толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
- 34-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Ыйгарым укуктуу орган жоголгон же бузулган уруксат бланктары боюнча тиешелүү маалыматтарды ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына киргизет. Ташуучу тарабынан отчеттук мезгилде алынган бир же бир нече уруксат бланктары жоголгон факты боюнча ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ташуучу отчеттук мезгилде 10дон (он) ашык уруксат бланктарын жоготкон учурда ыйгарым укуктуу орган бул ташуучуга алты айлык мөөнөткө чет өлкөлүк уруксаттардын бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү токтотот.";
- 37-пунктта "бир жумуш күндүн" деген сөздөр "үч жумуш күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 40-пунктта "квартал сайын" деген сөз "жарым жылда бир жолу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"58. Чет өлкөлүк ташуучуларга алардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү жылга алмаштырылган уруксаттардын ичинен кыргыз уруксаттарынын бланктарын пайдаланууну контролдоо транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарында транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери тарабынан, ал эми ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген компетенциянын чегинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
Чет өлкөлүк ташуучуда жүргүзүлүп жаткан ташуунун түрүнө кыргыз уруксатынын бланкы жок болсо, транспорттук контролдоонун мамлекеттик органынын кызматкери (кызматкерлери), ал эми ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы:
1) чет өлкөлүк ташуучунун Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салат жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан жүктү башка кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө жөнүндө чечим кабыл алат;
2) укук бузуу жөнүндө протокол түзөт, айып салуу жөнүндө токтом чыгарат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонот;
3) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесинин 5-пунктуна ылайык чет өлкөлүк ташуучунун транспорт каражатын атайын (айыптык) токтотуучу жайга убактылуу сактоо үчүн жеткирет же иш боюнча чечим кабыл алынганга жана адамды транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон бардык себептер четтетилгенге чейин анын андан ары жүрүүсүнө жол бербөө үчүн транспорт каражатынын дөңгөлөктөрүнүн блокираторлорун колдонот;
4) бузуулар четтетилгенден кийин, башкача айтканда, өз мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынан алынган кыргыз уруксатынын бланкынын тиешелүү түрү көрсөтүлүп, айып салуу жөнүндө токтом аткарылгандан кийин чет өлкөлүк ташуучуга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берет.
Транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бул бузуу жөнүндө транспорт каражаты катталган өлкөнүн транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.";
- 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. Жүктү жеткирүү же жиберүү пункту болуп саналбаган елкөнүн аймагында жүктү башка транспорт каражатына кайра жүктөө (же жүгү бар чиркегичти кайра которуу) менен жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташуу үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына кыргыз уруксаты болгондо жүзөгө ашырылат.
Бажы транзити аяктай элек жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташууда жүктү жиберүү пункту болуп саналбаган өлкөнүн аймагында жүктү жеткирүү же жиберүү пункту болуп саналган өлкөдө катталган автотранспорт каражаттарынан башка автотранспорт каражатына кайра жүктөөгө жол берилбейт.
Бажы транзити аяктай элек үчүнчү өлкөлөрдөн келген жүктү Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү өлкөлөрдөн жүктү жеткирүү же жиберүү өлкөсүндө катталган башка автотранспорт каражатына кайра жүктөөгө (кайра туташтырууга) жол берилбейт.
Жүк жеткирилген же жиберилген өлкөдө катталган автотранспорт каражаттары менен жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) ташууга үчүнчү өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) кыргыз уруксаты (же көп тараптуу уруксаты) болгондо жол берилет.";
- 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Толтурулбаган жана (же) оңдоолор менен толтурулган же жоголуп бараткан сыя менен жазылган каражаттарды колдонуу менен толтурулган кыргыз уруксаты болгон учурда кыргыз уруксатынын бланкы жараксыз деп эсептелет жана ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт, автотранспорт каражатынын андан аркы жүрүшүнө жаңы кыргыз уруксаты берилгенден кийин же администрациялык айып салуу жөнүндө токтом аткарылгандан кийин жүктү кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө же кайра туташтыруу менен гана жол берилет.";
- 73-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамды, ошондой эле ЕАЭБдин аймагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк ташуучунун автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу, эгерде администрациялык жаза колдонуу жөнүндө токтомго даттануусу же каршы болуусу канааттандырылбаса, айдоочу айып пул төлөнгөндүгүн ырастаган документти көрсөткөндөн кийин гана транспорттук контролдоонун жана чек ара кызматынын мамлекеттик органынын, ал эми Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча ишке ашырылат.";
- 76-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну ишке ашырган чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) киришин (чыгышын) жана транзиттик өтүүсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан (аймагына) үчүнчү өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) ташууларды каттоо транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын маалыматтык системасында жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) кирүүнү (чыгууну) жана транзиттик өтүүнү каттоо журналы), ал эми Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында, андан ары маалыматты транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын маалыматтык системасына онлайн-режимде берүү менен ишке ашырылат.
Транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын электрондук системасына (каттоо журналы) төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) чет өлкөлүк ташуучунун аталышы;
2) ташуучунун өлкөсү;
3) жөнөтүүчү өлкө;
4) жеткириле турган өлкө;
5) жүрүү маршруту;
6) автотранспорт каражатынын түрү, маркасы;
7) автотранспорт каражатынын жана чиркегичтин номери;
8) уруксаттын түрү;
9) уруксатты колдонуу мөөнөтү;
10) уруксат берилген күнү жана номери (сериясы).
Ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругун (эскертүүсүн) аткарбагандыгы, ушул Тартиптин шарттарын жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.";
- 81-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. Уруксаттардын бланктарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучулар жоопкерчилик тартышат";
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартипке 3, 4-тиркемелер күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартипке 5-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 5-тиркеме |
|
| __________________________________ |
|
| (аталышы, арыз ээсинин аты-жөнү) |
|
| __________________________________ |
|
| (дареги, байланыш телефондору) |
20___-жылдын жарым жылы үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын колдонулган жана колдонулбаган бланктары жөнүндө ОТЧЕТ
№ | Уруксат системасынын мамлекетинин аталышы | Уруксаттын түрү | Пайдаланылган АТК | Уруксаттардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи ____________________________________ __________________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.
Датасы 20___-жылдын "____" ____________________".