Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 13-июну № 95
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"биосфера - тирүү организмдер жашаган, алардын таасири астында турган жана алардын жашоо-тиричилигинин продуктулары ээлеген, анда Жердин глобалдуу экотутумдарын туюндурган биологиялык тутумдардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлүүчү Жердин катмары;";
б) мамлекеттик тилдеги жыйырма сегизинчи абзацта "биологиялык чөйрө" деген сөздөр "биосфера" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) жыйырма тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же жасалма келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук байлык болуп эсептелген, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын участоктору;";
2) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында жаратылыш комплекстерин жана объекттерин сактоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары: мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, рекреациялык зоналар, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, микрокоруктар түзүлөт.
Аймактарды тарыхый-маданий, эстетикалык, туристтик-рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоочу маанидеги объекттерге киргизүү, аларды түзүү тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
в) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьяда, 15-статьянын алтынчы бөлүгүндө, 25-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 26-статьянын экинчи бөлүгүндө, 29-статьянын экинчи бөлүгүндө, 31-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 37-статьянын экинчи бөлүгүндө, 40-статьянын аталышында жана биринчи абзацында, 43-статьяда, 44-статьянын тогузунчу абзацында, 56-статьянын биринчи бөлүгүндө түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 17-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чарбалык жана/же башка иштин объекттерин, анын ичинде жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды жайгаштыруу ордун аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.";
5) 41-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41-статья. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясы
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы министрликтердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ишине контроль жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана комплекстүү башкарууну жүргүзүү, министрликтердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын бул жааттагы ишин координациялоо;
- жерлерди, жер казыналарын, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды, атмосфералык абаны, токойлорду жана башка өсүмдүктөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууну жана коргоону, ошондой эле экологиялык коопсуздук ченемдеринин сакталышын мамлекеттик контролдоо;
- айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу;
- жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу жана айлана-чөйрөнү булгануудан жана башка зыяндуу таасирлерден коргоо боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, ченемдерди жана стандарттарды иштеп чыгууну уюштуруу, иштеп чыгуу жана бекитүү;
- экологиялык сертификациялоо жаатындагы иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органын уюштуруу, айлана-чөйрө объекттерин, жаратылыш ресурстарын, продукцияны, материалдарды жана чийки заттарды, өндүрүш жана керектөө калдыктарын, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды болтурбоого багытталган технологиялык процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экологиялык сертификациялоодон өткөрүү, экологиялык сертификаттарды берүү, экологиялык сертификациялоо боюнча органдарды, айлана-чөйрөнү коргоону башкаруу тутумун, экоаналитикалык лабораторияларды аккредитациялоо;
- мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу;
- министрликтерден, административдик ведомстволордон, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан экологиялык мүнөздөгү маалыматтарды акысыз алуу;
- жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун токтотуу, экологиялык зыяндуу иштерди чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын, анын ичинде радиоактивдүү калдыктарды утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга, көмүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, ташып келүүгө, ташып чыгууга жана сатууга лицензияларды берүү;
- эгерде аларды эксплуатациялоо жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу менен же булгоочу заттарды чыгаруу жана таштоо лимиттеринен ашуу менен жүзөгө ашырылып жатса, ишканалардын жана башка объекттердин ишин чектөө, токтото туруу же токтотуу;
- региондук, мамлекеттик, мамлекеттер аралык экологиялык программаларды иштеп чыгуу;
- жаратылыш ресурстарын эсепке алууну жана баалоону уюштуруу, жаратылыш ресурстарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү;
- айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдаланууну башкаруунун экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана анын өлчөмдөрүн түзөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш-корук фондун башкаруу, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзүү, жаратылыш-корук ишин уюштуруу;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик башка органдардын иштерин координациялоо;
- жарандарга жалпы үзгүлтүксүз экологиялык тарбия берүү жана билим берүү тутумун уюштурууга катышуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо, продукциянын жана технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу, эл аралык тажрыйбаны изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.";
б) расмий тилдеги экинчи бөлүктүн онунчу абзацында "сертификатов" деген сөз алып салынсын;
3-берене.
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги преамбулада "биочөйрөдөгү" деген сөз "биосферадагы" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) 2-бөлүктө "ресурстарын" деген сөздөн кийин ", туристтик-рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо маанисиндеги аймактарды, айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн стационардык пункттарын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жана туруктуу иштетүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) 2-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги төртүнчү абзацта "биочөйрөлүк" деген сөз "биосфералык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"суулуу-саздак жерлер - табигый жана жасалма акваториялар, анын ичинде көлмөлөр, тайыз суулар, ошондой эле суулуу бети адатта жер үстүндө жайгашкан, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана сууда жана суунун жанында жашаган, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын башка түрлөрү массалык жашаган, уялаган, көбөйгөн жерлер болуп саналган аймактын ашыкча нымдалган участоктору;";
в) мамлекеттик тилдеги жетинчи абзацта "өзгөчө коруктар" деген сөздөр "корукчалар" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же жасалма келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук байлык болуп эсептелген, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын участоктору;
жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен чарбалык пайдалануудан толук же жарым-жартылай алып салынган, жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, рекреациялык өзгөчө мааниге ээ жаратылыш комплекстери жана объекттери жайгашкан жердин, суу бетинин жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигинин участоктору;";
д) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"бивак жайы - түнөө же эс алуу үчүн туристтик топ жайгашуучу жер (токтоочу жай);
биосфера - тирүү организмдер жашаган, алардын таасири астында турган жана алардын жашоо-тиричилигинин продуктулары ээлеген, анда Жердин глобалдуу экосистемаларын туюндурган биологиялык тутумдардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлүүчү Жердин катмары;
биосфералык корук (биосфералык резерват) - жаратылышты коргоо мыйзамдарында аныкталган стандарттарды, критерийлерди жана талаптарды эске алуу менен ошол аймакта жана ага жанаша жайгашкан аймактарда жаратылыштын экосистемаларын жана генофондду сактоо, жаратылыш чөйрөсүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн, жана эл аралык программаларга (ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурасы ж.б.) ылайык өзгөчө илимий, жаратылышты коргоо баалуулугунан же экологиялык маанисинен улам аларды сактоо жана кеңири жайылтуу аларга карата артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы;
геологиялык парк (геопарк) - Жердин геологиялык тарыхы, жергиликтүү ландшафттардын түзүлүшү ачык көрүнүп турган, азыркы жана келечек муундар үчүн уникалдуу экологиялык мааниси, тарыхый, илимий жана башка баалуулугу болгон, региондун геологиялык мурасын таанууда коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурган флоранын жана фаунанын тарыхка чейинки объекттеринин калдыктары массалык тартипте сакталып калган өзгөчө корголуучу статусу бар регион;
мамлекеттик жаратылыш-корук фонду - бардык категориялардагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жыйындысы (мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, микрокоруктар);
мөңгү - көбүнчө атмосферадан келип чыккан муздун массасынан турган, оордук күчүнүн таасири астында илээшкек пластикалык агымга дуушар болгон жана агымдын, агымдар системасынын, куполдун (калкандын) же калкып жүрүүчү плитанын формасын алган, атмосфералык катуу жаан-чачындын (кардын) көп жылдык оң балансында топтолушунун жана андан кийин кайра түзүлүшүнүн натыйжасында пайда болгон объект;
кар күрткүсү - курчап турган кар катмары эригенден кийин жылдын бир бөлүгүндө же бүтүндөй жылуу мезгилинде жердин үстүнкү бетинде сакталып турган кардын жана муздун кыймылсыз (кээде жай жылуучу) топтолушунан турган жана рельефтин ошол эле формаларында дайыма жаңыланып турган жана тоолордо кышкы шамалдын жана кар көчкү коркунучунун басымдуу багыттарынын индикатору катары кызмат кылган, рельефке, агын сууга, топурак-өсүмдүк катмарына активдүү таасир эткен объект.";
4) 4-берененин 1-бөлүгүндө:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилде "биочөйрөгө" деген сөз "биосферага" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 4-1-берененин 6-бөлүгүндө, 11-берененин 3-бөлүгүндө, 15-берененин 2-бөлүгүндө, 24-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 5-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары алардын максаттуу багытына жана жаратылыш ресурстарын жана объекттерин коргоо режимине жараша Жаратылышты коргоонун эл аралык союзу тарабынан кабыл алынган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык келген төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- мамлекеттик жаратылыш коруктары;
- мамлекеттик биосфералык коруктар;
- биосфералык аймактар жана/же резерваттар;
- мамлекеттик жаратылыш парктары;
- дендрологиялык жана зоологиялык парктар;
- ботаникалык бактар;
- мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук);
- мамлекеттик жаратылыш эстеликтери;
- трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү;
- экологиялык коридорлор;
- геологиялык парктар (геопарктар);
- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;
- микрокоруктар.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кандай болбосун категориядагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары өзүнүн жайгашуусу жана башкаруу системасы боюнча трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусуна ээ болушу мүмкүн.";
7) 6-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосферапык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана микрокоруктар жана алардын жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчигинде жана коргоосунда гана турат жана анын улуттук байлыгы болуп саналат.";
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына кирген мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын жерлери Кыргыз Республикасынын жер фондунун курамдык бөлүгү болуп саналат.";
8) 7-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык жана экономикалык негиздемени эске алуу менен түзүлөт. Тиешелүү аймактарда тарыхый-маданий мурас объекттери болгон учурда, илимий жана тарыхый маалыматтардын негизинде алардын тарыхый-маданий маанилүүлүгүн көрсөтүү менен тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашуу талап кылынат.";
9) 8-беренеде:
а) берененин аталышы "туристтик" деген сөздөн кийин "жана башка" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүүгө жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылууга тартуу, ошондой эле жаратылыш жана тарыхый-маданий ажайып жерлер менен тааныштыруу, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына стационардык байкоо жүргүзүү пункттарын түзүү үчүн зарыл болгон курулмаларды тургузуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туристтик-рекреациялык ишти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон жеңил конструкциядагы курулмаларды алардын функционалдык зоналарынын режимдерине жараша тургузуунун жана ал жакка баруунун тартибин (келүүчүлөрдүн аймакта болуу убактысынын узактыгы ж.б.) белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туристтик-рекреациялык ишти өнүктүрүү үчүн капиталдык курулуш объекттерин (туристтик-рекреациялык маанидеги объекттерди) курууга аларга чектеш гана аймактарда (алардын чектерине 500 метрден жакын эмес) Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жол берилет.
4. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана алардан тышкары жактарда капиталдык объекттерди жана жеңил конструкциядагы курулмаларды тургузуунун (куруунун) техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлери бааланууга жана мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.";
10) 21-беренеде:
а) 5-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Чектелген чарбалык иш зонасында администрациялык-чарбалык багыттагы объекттер жана музейлер жайгаштырылат, мамлекеттик жаратылыш паркын коргоо жана иштешин камсыз кылуу, ага келгендерди тейлөө үчүн зарыл болгон чарбалык иштер жүргүзүлөт, жеңил конструкциялардагы (капиталдык эмес) курулуштар (курулмалар) жана санитардык талаптарды сактоо менен мейманканаларды, кемпингдерди жана ачык асман алдындагы экзпозицияларды, туристтерди тейлөөнүн башка объекттерин, ошондой эле байланыш курулмаларын эксплуатациялоо жүзөгө ашырылат.";
11) 21-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-1-берене. Суулуу-саздак жерлер
1. Сууну байырлаган канаттуулардын жана башка жаныбарлардын жашоо чөйрөсү катары артыкчылыктуу экологиялык мааниге ээ болгон суулуу-саздак жерлердин аймактарында жаныбарлар дүйнөсүн, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн коргоо жана көбөйтүү боюнча чараларды кароочу өзгөчө жаратылыш коргоо режими белгиленет.
2. Суулуу-саздак жерлердин аймактарында өзгөчө жаратылыш коргоо режимин белгилөө чарбалык ишти жүргүзүүдө тиешелүү суулуу-саздак жерлер үчүн белгиленген режимди сактоого милдеттүү болгон жер участогунун менчик ээсинен же жерди пайдалануучудан тиешелүү суу объектисин же анын бөлүгүн жана ага чектеш аймакты (коргоо зонасын) алып коюуга алып келбейт.
3. Суулуу-саздак жерлер мамлекеттик, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги болушу мүмкүн.
4. Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги суулуу-саздак жерлерге суулуу-саздак жерлердин тиешелүү тизмелерине киргизилген жерлер кирет.
5. Экологиялык, ботаникалык, зоологиялык, лимнологиялык же гидрологиялык көз караштан алганда, эл аралык өзгөчө маанилүүлүгүнүн негизинде аныкталган жана эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлердин тизмесине киргизилген жерлер эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлерге кирет.
6. Сууда байырлаган канаттуулардын жана башка жаныбарлардын жашаган жери катары экологиялык артыкчылыктуу мааниге (анын ичинде эл аралык мааниге) ээ болгон суулуу-саздак жерлерди аныктоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жөнгө салынат.";
12) 22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Мамлекеттик корукчалардын максаттары жана милдеттери
1. Мамлекеттик корукча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар бекитүүчү жобонун негизинде иштейт.
2. Корукчалар илимий негиздеменин негизинде жаратылыш комплекстерин же алардын айрым компоненттерин сактоо, кайра өндүрүү, калыбына келтирүү максатында белгилүү бир убакытка түзүлөт.
3. Корукчаларга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- жаратылыш комплексин же анын өзүнчө компонентин сактоо;
- флоранын жана фаунанын пайдалуу жана баалуу, анын ичинде сейрек кездешүүчү же жок болуу коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөрүн сактоо.
4. Комплекстүү корукчадан башка корукчаны түзүү жерди негизги пайдалануучудан тиешелүү жер участогун (суу объектисин) алып коюуга алып келбейт. Жерди пайдалануучулар чарбалык иш жүргүзүүдө корукчанын режимин сактоого милдеттүү.
5. Мамлекеттик корукчалар максаттуу багыты боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- бүткүл жаратылыш комплекси коргоодо болгон комплекстүү корукчаларга;
- белгилүү бир, анын ичинде баалуу, сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн сактоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү үчүн багытталган зоологиялык жана ботаникалык корукчаларга;
- токойдун типтүү участокторун жана/же айрым өзгөчө баалуу жана/же сейрек кездешүүчү бак-дарак жана бадал түрлөрүн сактоо максатында түзүлүүчү токой корукчаларына;
- сейрек кездешүүчү геологиялык түзүлүштөрдү (үңкүрлөрдү, аскаларды, көлмөлөрдү, шаркыратмаларды, булактарды, палеонтологиялык объекттерди ж.б.) коргоо максатында түзүлүүчү геологиялык корукчаларга;
- көбөйүү, миграция же кыштоо мезгилинде канаттуулардын жана башка жаныбарлардын түрлөрүнүн чогулуучу жерлерин коргоо үчүн белгилүү бир аймакта (акваторияда) түзүлүүчү сезондук корукчаларга.
6. Жер участокторунун менчик ээлеринде жана жерди пайдалануучуларда болгон бардык категориялардагы жер участокторунда мамлекеттик комплекстүү корукчаны түзүү Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте аларды алып коюуга жана жер участокторун "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которууну (трансформациялоо) жүргүзүүгө алып келет.";
13) 23-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-1-берене. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары
1. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары төмөнкүдөй максаттарда түзүлөт:
- биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү;
- ресурстарды жана генофондду сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу, экосистемалардагы бузулууларды компенсациялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону колдоо;
- жергиликтүү коомчулукту экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишине жарандарды жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.
2. Микрокоруктардын бүткүл аймагы коргоо режиминин аспектисинде мамлекеттик жаратылыш коругунун өзөк зонасына (негизги зонага) теңдеш турат.
3. Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында эки функциялык зона бөлүнүп турат:
- өзөк зонасы (негизги зона);
- туристтик жана рекреациялык иш зонасы.
Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өзөк зонасында (негизги зонада) мамлекеттик коруктар үчүн каралган режим белгиленет.
Туристтик жана рекреациялык иш зонасында жаратылыш комплекстерин жана аймагында жөнгө салынуучу туристтик жана рекреациялык ишке, туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду уюштурууга, рекреациялык жүктүн ченемин эске алуу менен бивак жайларын жана кароочу аянтчаларды орнотууга жол берилген объектилерди коргоону камсыз кылуучу коргоо режими белгиленет.
4. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен түзүлөт.
5. Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
14) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 23-2 - 23-4-беренелер менен толукталсын:
"23-2-берене. Геологиялык парк (геопарк)
1. Геологиялык парк (геопарк) төмөнкүдөй максаттарда түзүлөт:
- жаратылыш комплекстерин, уникалдуу жана эталондук жаратылыш участокторун жана жаратылыш мурасы болуп саналган, экологиялык жактан маанилүү объекттерди сактоо;
- ландшафттарды сактоо;
- калктын экологиялык билиминин деңгээлин жогорулатуу жана агартуу;
- жөнгө салынуучу туризм жана эс алуу үчүн шарттарды түзүү;
- жаратылыш ресурстарын сактоону жана калыбына келтирүүнү эске алуу менен рекреациялык пайдалануу;
- биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоонун илимий методдорун иштеп чыгуу;
- тиешелүү аймактардын сакталышынын абалына экологиялык мониторингди жана контролдоону, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу;
- бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерди калыбына келтирүү.
2. Геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүү жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Геологиялык парк (геопарк) өзү карамагында турган орган тарабынан бекитилген жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык иштейт.
4. Геологиялык парк (геопарк) мамлекеттик, жергиликтүү жана эл аралык мааниге ээ болушу мүмкүн.
5. Геопарктын мамлекеттик же жергиликтүү мааниси аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүү менен аныкталат. Геопаркка эл аралык маанидеги статус анын эл аралык ченемдерге жана талаптарга шайкештигинин жана аны ЮНЕСКОнун Глобалдык геопарктар тизмесине киргизүүсүнүн негизинде ыйгарылат.
23-3-берене. Геологиялык паркты (геопаркты) коргоо режими
1. Геологиялык парктын (геопарктын) аймагында анын жаратылыш, тарыхый-маданий жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзгөчө коргоонун дифференцияланган режими белгиленет.
2. Геологиялык парктын (геопарктын) аймагы төмөнкүдөй зоналарга бөлүнөт:
- негизги зона;
- туристтик-рекреациялык иштин зонасы.
3. Негизги зонада бүткүл жаратылыш комплекси катуу корголот, экосистемалардагы өзгөрүүлөргө мониторинг, жаратылыш процесстеринин табигый өөрчүүсүн бузбаган илимий изилдөөлөр жана өз алдынча иш-чаралар жүргүзүлөт. Жөнгө салынуучу туристтик-рекреациялык ишке, анын ичинде туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду уюштурууга, рекреациялык жүк ченемдерин эске алуу менен бивак жайларын жана кароочу аянтчаларды орнотууга жол берилет.
4. Геопарктын негизги зонасынын аймагында коргоого алынган жаратылыш комплекстерине жана объекттерге зыяндуу таасир тийгизүү коркунучун жараткан ар кандай иштерге, атап айтканда, төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- геологиялык, гидрологиялык режимди өзгөртүүгө алып келүүчү аракеттерге;
- өндүрүштүк жана башка капиталдык объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;
- геологиялык чалгындоо иштерине жана пайдалуу кендерди иштетүүгө;
- башкы пайдалануу тартибинде токойлорду кыюуга;
- жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн көчүрүп киргизүүгө (акклиматизациялоого);
- геопарктын табигый, илимий, маданий жана эстетикалык маанисин төмөндөтүүгө алып келүүчү башка иштерге.
5. Туристтик-рекреациялык иштин зонасы болуп негизги зонаны курчап турган же аны менен чектешкен, иштин салттуу түрлөрү, экологиялык туризм үчүн, ошондой эле ар кандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу аймак саналат.
23-4-берене. Мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү
1. Өзгөчө корголууга тийиш болгон айрым мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилет.
Белгиленген чектерде мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүү (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоо) аларда чарбалык ишти алып салууга жана аларды пайдалануунун башка түрлөрүнө чектөөлөрдү киргизүүгө алып келет.
2. Мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүүнүн (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоонун), аларды эсепке алуунун, абалына мониторинг жүргүзүүнүн, коргоону жана пайдаланууну контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү жайгашкан тиешелүү аймактардын жерлери белгиленген чектерде жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш.";
15) мамлекеттик тилдеги 7-главанын аталышында "Биочөйрөлүк" деген сөз "Биосфералык" деген сөзгө алмаштырылсын;
16) 28-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги аталышында жана беренеде "Биочөйрөлүк", "биочөйрөлүк" деген сөздөр "Биосфералык", "биосфералык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) мамлекеттик тилдеги 29-берененин 2-бөлүгүндө "биочөйрөнүн" деген сөз "биосферанын" деген сөзгө алмаштырылсын.
4-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-берененин 8-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендерологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, зоологиялык корукчалардын (жапайы жаныбарлардын мергенчилик кылуучу түрлөрү боюнча), биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын аймактары;".
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 24-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |