Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 277
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районунун Сайлык айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам жана өз убагында чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 02-6а-381 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 58 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чүй районунун Сайлык айыл аймагынын № 223 контурунда жайгашкан мамлекеттик менчикте турган 22 га көп жылдык бак дарактар ээлеген жерлер жеке турак үйлөрдү куруу максатында айыл аймагынын тургундарын жер участоктору менен камсыз кылуу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү жамааттын жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 22 га жердин ордуна аянты 22 га болгон жерди өздөштүрүүнү;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- аталган жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталганда же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |