Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 2-апрели №3/2
“Жергиликтүү жамааттарынын типтүү регламентин бекитүү” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 2-апрель отурумунун корутундусун карап чыгып талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
- Т.Балтагулов айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү регламентин тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.(тиркемеси тиркелет)
- Т.Балтагулов айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү регламентинде көрсөтүлгөн жергиликтүү жаматтардын ички жашоо тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.
- Токтом alabuka.kg.веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө- айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Хамракулов. |