Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-ноябры №65/XVIII-28
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин "Люксембург айылындагы Марковский көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону капиталдык оңдоо" долбооруна катышуу үчүн Ысык-Ата районунун үлүштүк (дем берүүчү) грантына өздүк салым 1599 794 (бир миллион беш жүз токсон тогуз миң жети жүз токсон төрт) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап , Люксембург айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2023-жылга карата "Люксембург айылындагы Марковский көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону капиталдык оңдоо" долбооруна катышуу үчүн материалдар жактырылсын.
2. Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды каржылоону карап берүүгө өтүнүч кат жөнөтүлсүн, ошондой эле долбоордук-сметалык документтерге ылайык салымды Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1599 794 (бир миллион беш жүз токсон тогуз миң жети жүз токсон төрт) сомду кошооруна кепилдик берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Шайлдабеков |
|
|