Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-ноябры №67/XVIII-28
Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине
кабыл алуу жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Бакыт уулу Азаттын Люксембург айылы, Ленин к., 161/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты документ боюнча 3926,0 чарчы м., иш жүзүндө 3737,0 чарчы м.,болгон жер участогун (гүл бакча) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө, ошондой эле "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин негизинде маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айылы, Ленин к., 161/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты документ боюнча 3926,0 чарчы м., иш жүзүндө 3737,0 чарчы м., жер участогун (гүл бакча) Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Шайлдабеков |
|
|