Загрузка документа…
ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-августундагы № 5
“Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн социалдык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы жогорудагы маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак,Айбике,Миң-Жыгач,Тогуз-Булак жана Ай-Көл айылдарына скважина каздыруу үчүн 2021-жылдын бюджетинен бөлүнгөн 1 000 000 (бир млн.) акча каражаты,скважина каздыруу үчүн жетишпестик жаралгандыгына байланыштуу төмөнкү айылдардагы курулушу бүтө элек обьектерге бөлүнүп берилсин.
1) Тогуз-Булак айылындагы жаңы түшүп жаткан балдар бакчасынын имаратына 700 000 (жети жүз миң) сом.
2) Айбике айылындагы жаңы түшүп жаткан конушка электр трансформаторун алууга 300 000 (үч жүз миң) сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевке милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: |
| К.Ражапов |