Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-майы № 2124-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" 2024-жылдын 28-февралындагы № 1907-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 1907-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1988-VII.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |