АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 27-сессиясынын токтому
2023-жылдын 9-ноябры № 106
Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябрында кабыл алынган №104 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Александровка айылдык кеңешинин депутаттарынын 2023-жылдын 02-ноябрындагы кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралу” мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун негизинде, жергиликтүү коомдоштуктун ”Административдик-аймактык реформанын өткөрүлүшү жөнүндө” пикири эске алынбагандыгына байланыштуу
токтом кылат :
1. Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябрындагы №104 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жөнүндө” №104 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналивке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |