Редакцияот 09.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 27-сессиясынын токтому 

 

2023-жылдын 9-ноябры № 106

Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябрында кабыл алынган №104 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

       Александровка айылдык кеңешинин депутаттарынын 2023-жылдын       02-ноябрындагы кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралу” мыйзамынын                             12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын                           20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун негизинде, жергиликтүү коомдоштуктун ”Административдик-аймактык реформанын өткөрүлүшү жөнүндө” пикири эске алынбагандыгына байланыштуу

  токтом кылат :

 

1.              Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябрындагы №104 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жөнүндө” №104 токтому жокко чыгарылсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналивке жүктөлсүн.

 

Төрайым

Давузова М.Ю.