Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

2023-жылдын 28-июлундагы, № 20

 

Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Самаркандек айылдык Кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Ражаповдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын V cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине төмөнкүдой өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2214-беренесине 200,0 миң сом жылдырылсын (Фронталдык погрузчикке дөңгөлөк алуу);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 3112-беренесине 60,0 миң сом жылдырылсын (Сугат сууну тартипке келтирүү үчүн скутер сатып алуу);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2222-беренесине 1450,0 миң сом жылдырылсын (Арыктарды бетондоо үчүн керектелүүчу товарларды сатып алуу);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2215-беренесине 200,0 миң сом жылдырылсын ( Жаш-Тилек скважинасынын насосун чыгаруу);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 3112-беренесине 550,0 миң сом жылдырылсын (Мин-Өрүк жана Паскы-Арык айылдарына трансформатор сатып алуу);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2214-беренесине 104,6 миң сом жылдырылсын ( аномалдуу суукта элге суу менен камсыз кылуу максатында транспорт менен суу ташуу үчүн дизелдик отун жана бензин сарптоо);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2222-беренесине 80,0 миң сом жылдырылсын (балдардын оюн-зоок аттракционун жасоо үчүн) ;

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 3112-беренесине 220,0 миң сом жылдырылсын (конференц-залга керектелүүчү эмеректер сатып алуу);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 3112-беренесине 275,0 миң сом жылдырылсын (Центрге трансформатор койуу);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2221-беренесине 30,0 миң сом жылдырылсын (Жайылма уч. ички жолдорун тегиздөө);

- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2215-беренесине 200,0 миң сом жылдырылсын (Улуу Ата мекендик согуштун курмандыктарынын “Белгисиз жоокер” мемориалдык эстелигин реставрациялоо үчүн).

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Ражаповго тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

У. Гайыпов