Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 21-июнундагы № 2
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу
Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын символикалык белгисин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын символикалыкбелгисинин сыпаттамасы, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын символикалыкбелгиси, 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын аскер кызматчыларынын күнүмдүк (параддык) жана талаа форма кийимдеринин айырмалоочу белгиси (шеврону), 3-тиркемеге ылайык.
2. Укуктук маалымат башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизсин.
3. Пенитенциардык, пробациялык жана соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын символикалыкбелгисин даярдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматына 2024-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын бүткүл өздүк курамына жеткирилсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары А. Зарылбек уулуна жүктөлсүн.
Министр |
| А.Б. Баетов |
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин 2024- жылдын 21-июну № 2 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын символикалык белгисинин
СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын символикалыкбелгиси, алтын түстөгү курчалган темгилдүү калкандын жана анын аркасында учу ылдый карай багытталган, туруктуу коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн курал колдонууга даярдыгын символдоштурган алтын түстөгү кылычтын сүрөтү чагылдырылган.
Калкандын четтерине ведомствонун ишинин өзгөчөлүгүн баса белгилеген алтын түстө мамлекеттик тилде жазылган “КАЙТАРУУ”, “КОНВОЙ”, “КЫЗМАТЫ” деген жазуу түшүрүлгөн. Калкандын ылдый жагына коргоонун жана коопсуздуктун символу катары алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз түшүрүлгөн.
Ал эми, калкандын ортосунда күрөң түстөгү калкан бар, анда кыргыз элинин маданий мурастарын чагылдырган боз үйдүн алтын түстүү түндүгү, эркиндиктин жана көз карандысыздыктын символу катары канаттары жайылган шумкардын сүрөтү тартылган.
2. Символикалыкбелгисинин сүрөтү өлчөмүнө карабастан, символикалыкбелгисинин үлгүсүнүн түсүнө же ак-кара сүрөтүнө туура келүүгө тийиш.Символикалыкбелгиси Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы ээлеген имараттарга, курулмаларга, транспорттук жана атайын каражаттарга, кызматтык жабдууларга, айырмалоочу белгилерге, аскер кызматчыларынын формалык кийимдерине жана кызматтык күбөлүктөрүнө, кызматтык документтерге жайгаштырылышы мүмкүн.
3. Символикалыкбелгисин жогоруда аталган учурларда жайгаштырууда жана пайдаланууда колдонулган материалга жараша негизги түстөрдү жана түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет. Ошондой эле символикалыкбелгисинин ак-кара түстө болушуна жол берилет.
4. Символикалыкбелгиси түшүрүлгөн түрдүү атрибуттарды даярдоодо анык өлчөмү жасалган буюмдун өлчөмүнө пропорциялуу болууга тийиш.
Символикалыкбелгисин,сыйлык жана белек буюм катары жасоодонегизги элементтерди жана пропорциясын сактоо менен: алтындан жана күмүштөн, жылмаланган, же хромдолгон кара болоттон, латундан жана колодон ушул сыяктуу пайдаланылган материалдарга жараша негизги түстөрдү, түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин 2024- жылдын ______№ _______ буйругуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын символикалык белгиси