Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-майы ПТ № 105
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу району, "Туратали базары" тарабынан жерлерди берүүнүн жана иш жүзүндө пайдалануунун мыйзамдуулугу маселесин изилдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. "Туратали базары" тарабынан жерлерди берүүнүн жана иш жүзүндө пайдалануунун мыйзамдуулугу маселесин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- 2024-жылдын 1-июлуна чейин "Туратали базары" тарабынан жерлерди берүүнүн жана иш жүзүндө пайдалануунун мыйзамдуулугу маселесин изилдесин;
- 2024-жылдын 1-июлунда изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча конкреттүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (макулдашуу боюнча) жана эксперттик коомдоштуктан (макулдашуу боюнча) маалыматтарды суроого жана адистерди тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты оперативдүү тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Туратали базары" тарабынан жерлерди берүүнүн жана иш жүзүндө пайдалануунун мыйзамдуулугу маселесин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Узакбаев Болотбек Узакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Сапарбеков Руслан Жайлообекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо боюнча башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн инспектору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Шейшеканов Данияр Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти; |
Мамаражапов Кайрат Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери; |
Тороев Улукбек Маматеминович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү; |
Мааткасымов Эрмек Эсенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар башкармалыгынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн начальниги; |
Калыбаев Майрамбек Макулбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары. |