Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

2023-жылдын 28-июлундагы, № 22

 

Улуу Ата мекендик согуштун курмандыктарынын “Белгисиз жоокер” мемориалдык эстелигинин аянтчасынын абалы жөнүндө

Самаркандек айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын V cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын “Белгисиз жоокер” мемориалдык эстелигинин аянтчасын кароодо айыл өкмөтү тарабынан жумуштар солгун аткарылып жаткандыгы белгиленсин.

2. “Белгисиз Жоокер” мемориалдык эстелигинин аянтына архитектуралык-пландоо шарттарын аткаруу менен жарыктандыруу, суу чыгаруу, жашылдандыруу, аянтты реставрациялоо жумуштарын аткарууга 200,0 (эки жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Орозовго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Г. Курбанбековага  тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

У. Гайыпов