Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

2023-жылдын 28-июлундагы, № 23

 

Самаркандек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 24-июлунда өткөн биргелешкен отурумунун протоколун кароо жөнүндө

Самаркандек айылдык Кеңеши Туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 24-июлунда өткөн биргелешкен отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңеши Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында көптөгөн чечилбеген көйгөйлөр бар экенин белгилөө менен жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы бекитилген бюджеттин “3111-Имараттар жана курулуштар” беренесинде “ 3,5км жолдун боюн жарыктандыруу” жумуштары үчүн бөлүнгөн 3,0 млн 695,9 миң сом акча каражаты ысырапкерчилик менен бөлүнүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы бекитилген бюджеттин “3111-Имараттар жана курулуштар” беренесинде “ 3,5 км жолдун боюн жарыктандыруу” жумуштары үчүн бөлүнгөн 3,0 млн 695,9 миң сом акча каражатына финансылык кыймыл аракеттер токтотулсун.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Орозовго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э. Ражаповго тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

У. Гайыпов