Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-июлундагы, № 25
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С Аппазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Самаркандек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек-Жаңы-Бак автожолунун тундук батыш тарабында №2225 контурундагы жайгашкан 0,15 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы” категориясынан жерлердин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага: |
| У. Гайыпов |