Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

2023-жылдын 28-июлундагы, № 27

 

Самаркандек айылынын Базар-Башы участогуна бала бакчасын түзүү маселесине макулдук берүү жөнүндө

Самаркандек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы калктын суроо-талабына ылайык айылдагы жаш наристелерди бала бакча менен камсыз кылуу жана жумуш орундарын түзүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн балансына өткөн Базар-Башы участогундагы мурдагы С.Кожобаева атындагы жатак-гимназиясынын жатаканасынын имаратына бала бакча уюштурулуусу жактырылсын.

2. Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан имаратка тийиштүү архитектуралык долбоорлоо шарттарын (АПУ) түздүрүү, имараттын айланасын тосуу, таза суу менен камсыз кылуу, балдардын оюн аянтчаларын, беседкаларды куруу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жумуштарын аткаруу үчун тийиштүү сметасын иштеп чыксын.

3. Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылга бала бакча ачуу жана штаттык бирдиктерди тузүү боюнча Баткен райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте жумуш алып баруусу тапшырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Орозовго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э. Ражаповго тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

У. Гайыпов