Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 6-октябры № 7-5
Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарында таштандыларды ташып чыгарууда кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнүмдүк таштандыларды чыгарууда Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын тургундарынан ар бир түтүнгө 1 (бир) айга 100 (бир жүз) сомдон акы төлөтүү менен жыл сайын 1 марттан 1-декабрга чейин кызмат көрсөтүү жагы белгиленсин;
2. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү акыны чогултуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин;
3. Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчыларына, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын айыл башчыларына жогорудагы жыйымдарды чогултууга көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин;
4. Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акыны жыйноо боюнча эсебин берип туруу жагы жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын бухгалтерине милдеттендирилсин;
5. Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү жыйымдарды жыйноо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттүү түрдө жүргүзүлсүн;
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин;
Төрага | А. Шукурбеков |