КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы
2023-жылдын 31-майындагы, № 20/7
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу М.Миталипов көчөсүндөгү жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясында Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн талкуулап чыгып Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу М.Миталипов көчөсүндөгү 1,165 метр жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| К.Машрапов |