Редакцияот 31.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы

 

2023-жылдын 31-майындагы, № 20/8

 

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытты мал багуудан башка максатта жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жайыт акысын алуу жөнүндө

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясында Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин төрагасы С.Коймуратовдун билдирүүсүн талкуулап чыгып, Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз –Кыштак айыл аймагынын жайытты мал багуудан башка максатта жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтомунун негизинде жайыт жерин пайдалангандыгы үчүн 0,01га жерге 15 (он беш )сом акы алынсын.

 

2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы С.Коймуратовго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана айыл чарба тейлөө маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Кыргыз-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

К.Машрапов