КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы
2023-жылдын 31-майындагы, № 20/3
Кыргыз-Кыштак айыл аймагынан турак жай курууга 250гектар жерди трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жайыттын жеринен турак жай курууга 250 га жер тилкесин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү жана элдин турак жайга болгон муктаждыктарын жоюу максатында №688, 697, 697а, 695′, 696′, 695,696,811,695 контурлардан жалпы 250га жер тилкесин “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга жана (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткарылышын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| К.Машрапов |