САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)
кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 3
Жер аянтын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жерлерди которуу (транформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомун, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 23-январында чыккан комиссиясынын корутундусу жана Сарай айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Мамиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы № 9-12-13-15-17-19-21-26 контурундагы 18,49 га жайыт, №10 контурундагы 0,51 га кысыр аңыз, №11-14-16-18-20-22-32 контурларындагы 94,25 га кайракы айдоо жалпысы болуп 113, 25 га жер аянтын калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы |
| А.Салимов |