САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)
кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 4
Сарай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 144502,9 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 152548,6 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2023-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы |
| А.Салимов |