Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)
кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 7
Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы А.Салимовдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылындагы 160 орунду жаңы курулуп, ачылып жаткан “Бакыт Нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмуна мектепке чейинки курактагы балдарды кабыл алууда Сарай айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу жашап жаткан жергиликтүү тургандардын балдарын биринчи кезекте кабыл алуу жагы уюштурулсун.
2. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу жашап жаткан жергиликтүү тургандардын балдарын биринчи кезекте кабыл алуу жагы “Бакыт Нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Н.Көчөбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кеңешинин билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы |
| А.Салимов |